Жалал-Абадда июнь коогалаңында жабыркагандарга турак-жай берүү боюнча комиссиясы арыздарды карап чыкты
20-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясында 2010-жылдагы июнь коогалаңында жабыркагандарга турак-жай берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп, анда келип түшкөн 16 документтин 3өө гана коюлган шарттарга туура келип, кабыл алынды.Бул туурасында комиссиянын төрагасы Жеңиш Эрназаров билдирди. Анын айтымына караганда, комиссиянын курамында 15 мүчөсү бар.
Алардын айрымдары өз убагында комиссиянын отурумуна келбей коюушууда. Ал эми мурдагы отурумда 22 жабырлануучудан арыз түшүп, анын ичинен 2 адамдын гана документтери июнь коогалаңында жабыркагандарга турак-жай берүү боюнча жобонун талап кылган шарттарына туура келип, калгандарынын документтери толук болбой калган.
Комиссиянын бул отурумуна 9 мүчөсү катышып, алар ар бир келип түшкөн документтерди кылдат текшерип чыгышып, өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.
Коогалаңда товарлары күйүп кеткен, жашаган үйү банктын күрөөсүндө турган төрт баланын энеси да батир бергиле деп кайрылган. Ал эми арыз менен кайрылган район-шаарлардын тургундарына коогалаңда ок жеген болсо, алар өздөрүнүн жашаган жеринен кандай жардам алгандыгы боюнча тактама жибергиле деген каттарды комиссия даректерине жиберишкен экен.
“Көпчүлүк документтерде толтура мүчүлүштүктөр болгондуктан, азыркы учурда 5 гана жабырлануучунун документи өтүп, калгандарын тактоо үчүн доккументтерин кароону кийинкиге калтырдык. Бизге апрель, май окуяларында жабыркагандар көп кайрылгандыктан, КР өкмөтүнө №295 токтомду өзгөртүп бергиле деп кайрылганбыз. Эгерде аталган токтомго өкмөт өзгөртүү киргизип берсе, анда апрель-май окуяларында жабыркаган, турак-жайга муктаж адамдарга батирлерди берүү боюнча документтерин карайбыз»,- дейт Ж.Эрназаров.