Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 7-сентябрда президенттин Жарлыгы менен кайрадан аталган тармакты жетектөөгө дайындалды. Азырынча ал министрдин милдетин аткаруучу. 

Бейшеналиев "Кактус" сайтына бул орунга келээри тууралуу кабары болбогонун айткан. 

"Мен билген эмесмин, дайындоо тууралуу журналисттерден жаңы эле билдим. Азыр Ысык-Көл облусунан Бишкекке баратам, бир сааттан кийин өзүмдүн милдетимди аткарам. Бардык пландарымды улантам", - деген ал. 

Эске салсак, Бейшеналиев министр кызматынан кылмыш иши козголгонунун негизинде бошотулган. Бирок кылмыш иши кылмыш курамы болбогондуктан токтотулган.