Кечээ, 7-сентябрда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Андан көп өтпөй мурдагы министр билим берүү тармагынын кызматкерлерине кайрылуу жасады.  

"Сиздер менен иштегениме тагдырыма ыраазымын. Мен силерге үмүт, дух берейин деп келгем, аны бере алдымбы... аны өзүңүздөр билесиздер. Кыргызстандын билим берүү тармагы өтө оор абалда, аны алты айда көтөрүү оңой эмес", - деди Иманалиев. 

Ошону менен катар ал өзүнө ишеним көрсөткөн президентке, Министрлер Кабинетинин төрагасына, парламентке жана коомчулукка ыраазычылык билдирди.