Сузак районунун Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде №87 "Келечек" негизги мектебинин курулуш иштери аяктап, кечээ 7-сентябрда пайдаланууга берилгенин райондук администрациядан билдиришти.

Мектеп 200 орунга ылайыкташып, замандын бардык талаптарына жооп берет.

Анын курулушу "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жана элдин каржылык салымы менен ишке ашырылды.