Кечээ, 7-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун дайындоосу менен бир катар кызматтар жаңы жетекчилүү болушту.
Ошондо:
- Букуев Медетбек Омошевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды;
- Асылбаева Гюльшат Кадыровна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды;
- Мамыралиев Айбек Абасканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.