Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысынан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин мурдагы директору А.Д.Б 300 миң доллар акча талап кылган. УКМК мындай көрүнүштөрдү өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан экономиканы системалуу түрдө өнүктүрүүгө, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган саясатты дискредитациялоого аракет кылып жаткан деструктивдүү күчтөрдүн активдешүүсү деп баалайт.

Атайын кызмат бул факты боюнча  КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын алкагында А.Д. шантаж кылып,  массалык маалымат каражаттарында провокациялык мүнөздөгү материалдарды таратам деп коркутуу жолу менен ал мамлекет башчысынын жардамчысынан 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кыла баштаган.

2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.Б. жогорудагы жагдайлар боюнча талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жатып пара менен кармалган.