Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев "Эмаком" курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылды.
Айтымында, шаар тургундары аталган компаниянын үстүнөн арызданып жатышат.
"Восток-5 кичирайонундагы Кийизбаева көчөчү 24/1деги үйдү куруп бүтүшкөн жок, болбосо компания ал үчүн акча алган. Куруп да бүткөрүшпөдү, акчаны да кайтарбай жатышат. Буга укук коргоо кызматтары реакция кылышы керек. "Эмаком" компаниясы биздин парламенттешибизге тиешеси бар. Кимге таандык болбосун, келишим так аткарылышы керек. Акчаны кайтарышсын же үйдү курушсун. Үй алуучулар УКМКга, президентке кайрылышыптыр, бирок жооп алышкан эмес. Алар аны депутаттын кол тийбестиги бар да деп ага байланыштырып жатышат. А мен балким, аларга маалымат жетпей жатат деп жооп бердим", - деди Бекешев.
Белгилей кетсек, Бекешев айтып жаткан депутат Эмилбек Жусупов. Ал "Ишеним" фракциясынан.