Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөгөн кызматкерлерине 30 миң сомдон үстөк акы төлөө зарыл. Бул тууралуу депутат Эльдар Сулайманов парламент жыйынында билдирди. 

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, тактап айтканда, район акимдеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин көтөрдү. Ал белгилегендей, децентрализация саясатынын алкагында алардын ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилип, бирок алар толук пайдаланбай жатышат. Мындан тышкары, депутат мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн каражат чогултуу боюнча эстафетаны парламентте баштоону сунуштады.