ИИМ жасалма документтерди даярдоо, сатып алуу жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы убакта социалдык тармактарда күч органдарынын күбөлүктөрүн сатуу тууралуу жарнактар көбөйүп жатат. Мындан улам ИИМ эскертүү таратты:
"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору!
Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Документтерди жасалмалагандар же жасалма документтерди колдонгондор КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
ИИМ жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого, кыраакы, жоопкерчиликтүү жана юридикалык жактан сабаттуу болууга чакырат".