Жогорку Кеңеште учурда коалициянын атынан көрсөтүлүп жаткан бирдиктүү талапкер А.Жээнбековду жана «Ата Журттан» К.Осмоновду шайлоо маселеси учурунда акыйкатчы Турсунбек Акундун катышуусуна каршы пикирлер айтылды.

 

Жыйынды алып баруучу, вице-спикер Бакыт Төрабаев каршы чыкты. «Азыр сиздин маселеңиз жок, чыгып турунуз. Ким уруксат берди? Регламенттин негизинде катышууга уруксат алыш керек. Же жок дегенде учурашып койбойсузбу. Расмий түрдө уруксат берүү үчүн мага кайрылыңыз, жазып келиңиз», - деп кайрылды Б.Төрөбаев Т.Акунга.
«Мен парламенттик акыйкатчы болом. Келдибековдой эле мамиле кыла бересизби?», - деди Т.Акун.
«Чыгып кетиңиз, өзүбүздү өзүбүз сыйлайлык», - деди вице-спикер. Бирок буга Т.Акун макул болбой, Жогорку Кеңештин жыйынында катышып жатат.
Булак: Баракелде.