УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чиновниктерге катуу эскертүү берди. Ал мамлекеттин бюджетине кол салган чиновник кызматтан кеткенден кийин дагы жазага тартылаарын айтты.
"Коррупцияга айланган, коррупцияга байланышкан кайсы бир иштерди жасай турган болсоңор, баарыңыздар катаал чарага туш болосуздар. Мурдагыдай тааныш-билиш, тууганчылык, жердешчилик, досчулук деген жок. Мамлекеттик кызматта туруп, коррупцияга аралашкандарды президентибиздин тапшырмасынын негизинде жоопко тартабыз. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келерден мурда ойлонгула! Эгерде таза иштей албасаңар, пара албай койгонго эркиңер жетпесе, кылган ишиңерден дайын жок болсо, жеке баюунун аракетин көрсөңөр, анда иштебей эле койгула! Андан көрө бизнес менен алектенип, бала-чакаңарды багып, ойноп - күлүп жүрө бергиле. Бул жерге келип алып, өзүңөрдү, бала-чакаңарды, туугандарыңарды кыйнабагыла!
Мындан ары мамлекеттин бюджетине кол салган бир дагы чиновник жазасыз калбайт. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүн жазаланат. Кызматтан кеткен болсоңор дагы артыңардан кууп барып жазалайбыз. Бир мисал, кечээ эле араңарда Жаратылышты коргоо министри Динара Кутманова отурчу. Жаратылышты коргоо фонду бар, ага жылына дээрлик 4 млн сом бөлүнүп турган. Акыркы бир жарым жылда 1 миллиард сомдун тегерегинде каражат которулган. 110дон ашуун долбоорду иштетишкен, бүгүнкү күндө алардын бирөөсүнүн дагы жыйынтыгы жок. Ал айым жалаң сиңдисин, балдарын, туугандарын, досторун аралаштырып алган. Ушунун баары иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Ошондуктан "иштен кетип калсам билинбей калат" дебегиле! Кууп жүрүп болсо да жазалайбыз. Бул менин эскертүүм!" - деди Камчыбек Ташиев.