Кыргызстанда камакка алынган орусиялык активист Алена Крылованын тергөө абагындагы мөөнөтү дагы узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Аталган соттун басма сөз кызматы 5-сентябрда кабарлагандай, судья Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаттандырып, Алена Крылованы 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырган.
Крылова Орусиядагы "Адам укуктары үчүн" кыймылынын мурдагы маалымат катчысы жана бул өлкөдө экстремисттик деп табылган "Солчул каршылык" кыймылынын мүчөсү болгон. Мекенинде ага жана аталган кыймылдын дагы беш мүчөсүнө "экстремисттик бирикме түзгөн" деген негизде кылмыш иши козголгон.
Алена Крылова быйыл июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде адамды жүзүнөн таануучу камеранын жардамы менен кармалганы белгилүү болгон.