Базар-Коргон районунун 34 жаштагы тургуну Н.М., "Хизб ут-Тахрир" уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, аталган жаран буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнгөндүгүн айтып, жаштарды бул жолго барбоого чакырды. Ошондой эле биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартаарын, мындан ары туура жолго багыт аларын билдирди.