Айлана-тегеректин тазалыгын камсыздоо ишинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн жашыл экономикага салым кошуп жаткан түрүн колдонгондор үчүн атайын  жеңилдиктер каралат. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Жалолидин Нурбаев  “Парламент” радиосуна берген маегинде белгиледи.

"Бул маселе Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүн, 4-сентябрдагы жыйынында каралды. Аны биринчи окууда колдоп бердик", - деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев тарабынан сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, электромобиль жана башка экологияга зыяны жок транспорт каражаттарына жашыл түстөгү энчилүү номерлер берилет.  Ошондой эле аларга каралган жеңилдиктер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Жалпысынан,  жашыл паспорту бар кыймылдуу мүлк ээлери салык төлөөдө, коммуналдык кызматтардын натыйжалуулугун арттырууда  бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Андан тышкары, жашыл номерлүү транспорт ээлери эгер каптал айнектерин караңгылатууга уруксат сураса, жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айып пулду төлөөдө жеңилдиктерге жетишет. Мындай тартип транспорт каражаттарын каттоо же кайра каттоого ишинде,  муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотмолорун пайдаланууда да эске алынат.

"Комитет жыйынында электромобилдердин кубаттандыруучу тетиктеринин абалы текшерилип, эгер зыянсыздандыруу зарылчылыгы жаралса, алардын жол-жобосу кандай болот деген суроолор такталды. Андагы жоопторго караганда, утилизациялоо иштеринин биринчи этабы жергиликтүү шартта ишке ашса, ал эми экинчи этабы Россия Федерациясынын колдоосу менен ошол мамлекетте жүзөгө ашырылат", - деди депутат Ж.Нурбаев.

Ошондой эле эл өкүлү  “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү тууралуу да маалымат берди. Депутаттар Э.Токтошев, А.Эрбаев жана Ж.Нурбаев тарабынан демилгеленгенип жаткан бул маселеде,  токой чарбачылыгындагы егерлердин, аңчылардын, инспекторлордун эмгек акылары аз болгондугу эске алынып, жалпы киришеден  30%дан 50%га чейинки дем берүүчү кошумча каражаттар төлөнөт.  Комитет бул мыйзам долбоорун да экинчи окууда колдоого алды.