Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров эки күн мурда кармалган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, камакка алуу чечими чыккан. Учурда депутат УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Учурда Мадумаровдун кармалышы боюнча түрдүү пикирлер жаралууда. Айрымдар депутаттын кармалышын саясий куугунтук катары көрүшсө, кыргыздын жерин коңшу мамлекетке берип салганы үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылышын колдогондор да көп. ИИМ Мадумаровго "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев буга чейин дагы Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасына байланышкан чырды ого бетер тереңделишине чоң салымы бардыгын айтып келген. Анын камакка алынышын мурдагы губернатор туура деп эсептээрин белгиледи. 

"Кытайлар жол салып келатып Көк-Таш айылына жеткенде токтоп калган. Ал жердеги сайдын жээгин тажиктер "биздин жер" деп чыр чыгарышкан. Чыр чыгарышса эле аларга жерди кармата бериш керек эмес да. "Кыргыздын жери, тактайбыз, азыр Ак-Татырдан ары Лейлекке жол сала берели" дегендей чечим кабыл алышса жөндүү болот болчу. А Мадумаров атайын барып ал жерди Тажикстандыкы деп, алардан 49 жылга ижарага алынгандай кылган протоколго кол коюп келген. Мен ал убакта пенсияда элем, Бишкекте болчумун, маалымат каражаттарынан гана окуп билип калдым.

Ал өзү кол койгон жерди 275 метр деп жатпайбы, ал кеңдиги. Сайдын кеңдиги анчалык эмес, бирок андан ары жогору карай жылганда 350-400 метрге чейин кеңдиги бар. Головнойго чейин 2 км жакын. Мадумаров кол койгондон кийин ошол жерди толугу менен тажиктер ээлеп алышты. Миңдеген үй-бүлө көчүп келип, үйүн куруп, бак-шагын тигип отурукташып алышты. Мурда 275 метр жер кургак сайдан өтө турган болсо, азыр айылдын ичинен өтүп калган.

Эмне себептен ушундай кыргызга зыян кыла турган чечимге Мадумаров кол койду? Аны өзүнөн сураш керек. Мында материалдык кызыкчылык да болушу мүмкүн. Кол коюлган документ ЖКда бекитилген эмеспи же башкабы - ал биздин, Кыргызстандын маселеси болуп жатпайбы. А тажиктер ошол документти көрсөтүшөт да, тажиктин жери дешет. Чындыгында Мадумаров тили менен буудай кууруйт, сөзгө уста. Сөз менен элди алдап жүрөт. Мен 2009-жылдан бери эле протоколго кол койгону үчүн жоопко тартылышы керек деп айтып келатам. Анын бул кылыгынын айынан Баткендеги айрым айыл аймактары анклавга айланат. 49 жыл өткөндөн кийин тажиктер ээлеп алышат дагы, биз анклавда калабыз", - деди Мамат Айбалаев.