Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Анда айтылгандай, Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында уурулукка катышкан аскер кызматкерлери аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду.
Учурда материалдар сот органдарына жөнөтүлдү.