Жогорку Кеңеш депутаты Шайлообек Атазов 1-сентябрда “Парламент” радиосунда болуп, жер-жерлердеги шайлоочулар менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгын маалымдады. Эл өкүлүнүн айтымында, көбүн эсе эл койгон талаптардын бир канчасы мектеп иштерине, коомдук транспорттор менен жол сапаттарына, газдаштыруу процесси менен энергетиканын үзгүлтүксүз иштөөсүнө тиешелүү болду.
“Ар бир жолугушуулардын жыйынтыгы акырындап жакшы нукка түшүп жатат. Мисалы, бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарындагы “Ак Бата” конушунда жаңы мектептин пайдубалы түптөлөт. Андан тышкары, жаңы конуштарга каттаган коомдук транспорттордун иш графигин иретке салуу суранычтары да эске алынды. Антпесе, мектептен кеч тараган балдар үйлөрүнө жеткиче 2 сааттап унаа күткөн учурлар болуп келиптир”, - деди депутат.
Ошондой эле Бишкек шаарынын М.Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн реконструкцияланышы канча ирет көтөрүлүп келгендигин белгилеген эл өкүлү бул маселенин да маалкатпай чечиле тургандыгын жакшы жаңылык катары атады. Андан тышкары цирктин имаратын оңдоп-түзөө иштери да колго алынгандыгы айтылды.
Уктуруунун жүрүшүндө депутат быйылкы кыш-күрөөдө электр энергиясынын туруктуу иштей тургандыгын белгилеп, кабатырланууга негиз жок экендигин да белгиледи.