Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. 

— Кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи операция ийгиликтүү өттү. Бул багытта дагы кандай иштер жүрөт? Келечеги кандай болот?

— Бул иш Кыргызстаныбыздын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Түрк боордошторубуздан суранып, 140 дарыгерди алып келип, аларга бардык жашоо-шарттарын түзүп берип, 2-3 жыл биздин дарыгерлерди адамдын ички органдарын алмаштырууну окутуп бергиле деп сурандык. Алар макул болуп, Кудай буюрса иш башталды. Бул үчүн Режеп Тайып Эрдоган мырзага, түрк дарыгер боордошторубузга жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирем.

Бизде 3 миңге жакын гемодиализ алган жараныбыз бар. Аларга мамлекет жылына 3 миллиард сомго жакын каражат коротот. Эми ошолордун көйгөйлөрүн чечип берсек, мамлекет 3 миллиард сомду үнөмдөп калат. Бул акчага канчалаган социалдык көйгөйлөрдү чечсек болот. Эң башкысы жарандарыбыздын негизги көйгөйү болгон ден соолук көйгөйү да чечилип калат. Буга чейин чет өлкөлөргө барып, 60-70 миң долларга чейин бөйрөк алмаштырып келип жүргөн болсо, эми өзүбүздө 10 миң долларга чейин эле алмаштырса болот.

Бул борбордун келечеги кең. Орто Азияда биринчи болуп биздин өлкөдө ачтык. Бара-бара боорго, жүрөккө операция жасашат. Коңшу өлкөлөрдөн дагы кабыл алуу үчүн имаратын кеңейтүү шарттарын карап баштадык. Кошумча имарат куруп беребиз.