Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясынын ачылышы, "Барселона" легендаларынын Кыргызстанга келиши, Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна байланыштуу суроолорго жооп берди.
— Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам болду. "Барселона легендалары" менен "Азия легендаларынын" ортосундагы беттеште сиз да ойнодуңуз. Бирок биринчи тайм аяктап калганда чыгып кеттиңиз. Чарчадыңызбы же башка бир себеби барбы?
— Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. "Э-э-й жигит, кармабай ойно" деп күлүп кайрылсам, "sorry-sorry" (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп.
— Сизди футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы деп сындаган жарандарыбыз да бар. Аларга эмне деп жооп бересиз?
— Кыргызда "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Анысыңарындай күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убакытым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май анан декабрь айында министрликтер арасында Мурас аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук. Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай спортко кызыксын дедик.
"Спорт ден соолуктун булагы" дейт. "Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот". Жаштар биздин келечегибиз. Кары жашыбыз дебей баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко баргыла. Ошол пайдалуураак болот силерге. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок.
— Жалал-Абад жана Бишкек шаарындагы Барселона академиясынын келечегин кандай көрөсүз? Балдардын дараметине, дегеле бул долбоорго ишеним артып жатасызбы?
— Кыргызстаныбыз үчүн келечеги кең. Жакынкы аралыкта жемишин бербеши мүмкүн. Бирок 10-15 жылдан кийин сөзсүз берет. Азыркы өсүп келе жаткан өспүрүмдөрүбүз арасынан сөзсүз дүйнөлүк деңгээлдеги легендалар чыгаарына толук ишенем. Биз аларга азыртадан баштап даңгыр жол салып берип жатабыз. Арканды алыс ташташыбыз керек.
— Орок айылында стадиондун курулушуна старт бердиңиз. Курулуш кайсыл каражатка жүрөт? "Барса" менен чогуубу же мамлекеттин акчасынабы?
— Ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына курулат. 35 миң көрүүчүгө ылайык болот. Эл аралык мелдештерди өткөргөнгө ылайыкталып жатат. Дүйнөлүк стандартка жооп берет.