Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айлануу боюнча атайын план бекитилгенин билдирди. Бул максатты ишке ашырууга 2 миллиард сом бөлүнгөн.
Мамлекет башчысынын айтымында, мындай суммадагы каражат өлкөдө ири шаарларды өнүктүрүү үчүн биринчи жолу бөлүнүп жатат. Бул суммага шаарга масштабдуу курулуш иштерин жүргүзүү, ондон ашуун социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу пландалган.
“Биз азыр турган борбордук проспект жогоруда аталган каражаттын эсебинен оңдолду. Андан тышкары учурда шаардын ички жолдорун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор ошондой эле өндүрүш ишканаларын жана социалдык объектилерди курууну да камтыган. Бул жыл Жалал-Абаддагы курулуш иштеринин жылы болду десем жаңылышпайм”, - деди президент аталган шаарга болгон иш сапарында.
Ошондой эле, өлкө башчысы калкы жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абаддын башкы планы жакын арада өзгөртүлөөрүн, аянты кеңейтилээрин айтты.
“Бөлүнгөн 2 миллиард сомдон тышкары шаарда бюджеттен каржыланган ар кандай долбоорлор ишке кирет. Бүгүн мыкты долбоорлордун бири деп шаардын ортосунда жайгашкан жаза өтөө жайын шаар сыртына которуу деп айтсак болот. Келечекте абамайдан дагы шаар сыртына чыгарылып, заманбап эл аралык аба майдан курулат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Андан ары президент Жалал-Абадда Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи жолу дүйнөгө таанымал “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылаарын белгиледи. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуялардын бири. Ошондой эле өлкө башчысы жакынкы жылдары башка шаарларды дагы колдоо ушул багытта улантылаарын кошумчалады.