Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев 28-августта билдирди.
Алардын бөгөт чарасы 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды. Турдалиев бул иш боюнча абакта жаткан башка кишилердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылганын айтты.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан алты киши - Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип, 22-августтан тарта ачкачылык жарыялашкан. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.