Мелис Аспеков соцтармактагы баракчасына УКМК анын 10 миң долларын жана 15 миң сомун кайтарып бергенин жазган. Жарандык активист акчаны кайтаруу менен атайын кызмат анын айыпсыз экенин моюнуна алганын белгилеген. 

"Мага ГКНБ 10 миң $ жана 15 миң сом кайрып берди. Бул каражат мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда оз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды мен пара менен кармалгандай, атайын видеого көргөзүшкөн.

Мага бул каражатты кайрып бергени, мен 100% күнөөм жок, мен 100% эч кимди опузалаган эместигимди билдирет. Мен күнөөлүү болсом бул каражат Дашковго "вещественный доказательство" болуп берилмек, туурабы?

Дагы бир ирет кайталаймын, мени эч ким "с поличным" кармаган эмес. Токулган иште бир сом жок "вещдок" катары, мен күнөөлүү экенимдин тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок. Джураев Уландын эки ооз сөзү менен соттошту. Ал Уланды да кыйнап эки ооз сүйлөгөндү мажбур кылышкан. Тарых мени актайт буюрса деп айткам, бул башы эле…

10 миң $ жана 15 миң сом каражатын толук алганымды УКМКга тил кат жазып бердим.

Кайсыл кылмышкердин ушунтип акчасын кайрып берди эле?" - деп жазган Аспеков.

Буга байланыштуу УКМК маалымат таратып, анда Аспековдун калпын чыгарды. 

Атайын кызмат төмөнкүлөргө көңүл буруу керектигин белгилейт:

"2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Аспеков менен Жураев өзүн Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушканы аныкталган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Аспеков менен Жураевге карата кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022-жылдын 23-мартындагы өкүм менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Аспековдун бул өкүмгө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган. 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. Бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.

Ага кайтарылган акча боюнча айсак, ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган. 

Аспеков опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлөнүп жана соттолгон, күнөөсүздүк үчүн ага таандык мүлктү ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт. "УКМК акчамды кайтарды" деген фактысын ачыкка чыгарабыз деген үмүт менен коомчулукту атайылап адаштырып аракет кылууда".