Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү саатына 2-3төн 8-9га чейин көбөйткөнүн Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Кечээ энергетика жана инфраструктура миснитри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында ЕЭКтин делегациясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышкан.

Кыргыз тарап мониторинг тобуна казак тараптан өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнөн улам пайда болгон жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча маалымат берген.

24-августка карата казак тараптан унаа каражаттарын өткөрүү көбөйтүлдү. ЕЭК абалды мындан ары дагы көзөмөлдөп турат.

Кошумчалай кетсек, кечээ саат 12:00гө карата жүк ташуучу унаалардын топтолушу төмөндөгүдөй болчу:

- "Ак-Тилек - автожол" пунктунда – 379;

- "Чалдыбар - автожол" пунктунда – 73;

- "Кен-Булуң - автожол" пунктунда – 89;

- "Чоң-Капка - автожол" пунктунда – 73 .

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары күнүмдүк режимде иштеп жатканын белгилеген.