Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Буга чейин Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин,  2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай 1 074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.