Казакстандык журналист Кирилл Павлов 21-апрелден тартып 4-августка чейинки убакыт аралыгында Кыргызстандагы Киров суу сактагычындагы суунун деңгээли кантип түшүп отурганын жарыялады. 

"Өткөн жумада Экология министрлиги Жамбыл облусундагы кургакчылыкка, суунун таңкыстыгына Кыргызстанды күнөөлүү кылды эле.

Кыргыздар өздөрүндө да кургакчылык болуп, суу жетишпей жатканын айтышкан. Биздикилер коңшуларды куулук кылып жатышат дейт. Спутниктен карап көрүп, биздикилер куулук кылып жатышканын билдик. Кыргызстанда Киров суу сактагычы дээрлик толугу менен кургап баратат", - деп жазды ал Телеграм-каналына.