22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө "Мокинтош" каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылын «смотрящийи» аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, ал атайын кызмат тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде колго түшүрүлгөн. 

Такталгандай, 2020-жылы М.Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берем деп алдап, КР жаранынан 5000 доллар жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.