Энергетика министрлигине ким келбесин, бири да аталган тармакты жакшыртууга чындап салым кошо элек, деп жазат «Айкын саясат» гезити 21-декабрда чыккан санында.

 

«Эми жарык өчпөйт! Баардыгы майкөл-сүткөл болот!» деп ар бир келген министрдин айтканын угуп жүрөбүз. Бирок, жыйынтыкты көрүп жатабыз. Айрым учурларда жарык өчүрүлүп жатат. «Ызгарлуу кыш ортосунда бул көрүнүш кайталанбайт», деп эч ким кепил бере албайт. Же Шадиев жана анын айланасындагылар дале чөнтөктөрүн кампайта албай убарабы?», - деп жазат гезит.
Гезитте жазылгандай, «суу сактагычта суулар толуп-ташып жатат» дешет эле, кайрадан үзгүлтүк менен электр жарыгы тез-тез өчүрүлүп, элдин күнүмдүк жашоо-шартына кедерги болуп жатат.
«А бирок, Аскарбек Шадиев мындай дооматтарды чымын чакканчалык көрбөй, кымпыят. Тескерисинче, майлуу-сүттүү орунун сактап калуу ниетинде чепилдеп жүгүрүп жүргөнүн айтышат. А чынында, биздин саясий системада орун алмашуудан сумма өзгөргөнүн көргөн жокпуз. Шадиевби же Эшматов менен Ташматов келеби, баягы эле көрүнүш. Кандай болсо да, элдин гана шору», - деп жазат гезит.
 
Булак : Айкын саясат.