КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында, бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады. 

Ал - радикалдык идеологияны карманган, 2022-жылдын 16-августунан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган, Россия Федерациясынын М.М.М. аттуу жараны. Аталган жаран 2023-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды.

М.М.М. Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандын колунда бар жарандарына  каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде келген. Ошондой эле, өлкө аймагындагы мурда соттолгон жарандарды "тарбиялоо" тапшырмасын да алганы аныкталды. 

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Россия Федерациясынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык айрым укук коргоочулар Чеченстандын бийлигине оппозициялык маанайды карманган активист Мансур Мовлаев  Кыргызстанда кармалганын жазып чыгышкан.