Бишкек, “Саясат.kg”. 20-декабрга караган түнү Лейлек районунда 30 тонналык дизел майын ташып бараткан машина кулап, эки адам каза болду. Окуя Кулунду айыл округуна караштуу Булак-Башы айылынын аймагында болгон. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда,  дизел майын жүктөгөн машина Тажикстанга аткезчилик жол менен бараткан.

 
Жол аябай тайгалак болгондуктан, Булак-Башы айылынан Кайрагач айылына кеткен ылдыйыш жолдо машина сүрүлүп кетип, кулаган. Ал эми айдоочу терезеден секирип түшүүгө үлгүрүп, аман калган. Ал эми анын жанындагы эки адам каза болгон. Алар ошол жүктү коштоп баратышкан.
 
Бирок азырынча бул машина кимге жана кайсы компанияга, ал эми каза болгон эки адамдын да ким экендиги белгисиз. Мыйзам боюнча, өлкө аймагында ар кандай жүктөрдү, анын ичинде дизел майын да ташууда эч кандай укук коргоо же башка органдардын кызматкерлери коштоп жүрүш керек эмес. Тилекке каршы Баткен облусу аркылуу тажикстанга өткөрүлгөн дизел жүктөлгөн машиналарды дайыма белгисиз адамдар коштоп жүрүшөт.