Каракол шаарында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосунда заманбап мектеп ачылаарын аталган фонддун жетекчиси Артем Новиков билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп 600 окуучуга ылайыкталган жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин патронажы катары иш алып барат. Ал 2020-жылдан бери бош турган эски техникумдун имаратына жайгашат. Долбоор боюнча аны толугу менен реконструкциялоо, керектүү жабдууларды, эмеректерди жана буюмдарды сатып алуу иштери каралган.

Каракол шаарындагы ММУнун ачылышына КР Президентинин деңгээлинде даярдыктар көрүлүп жатат. Ал эми жогоруда аталган мектеп аны ишке ашыруудагы чоң жардам болуп саналат.