Кечээ, 15-августта саат 16:30дар чамасында Бишкек – Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында Тoyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Ошол убакта тартылып алынган видео интернетке тараган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктан үч адам каза болуп, дагы 6 адам жаракат алышып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Учурда жол тескөөчүлөр унаа кырсыгынын себептерин аныктоо максатында тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.