Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Анда айтылгандай, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00дө аяктайт.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды.
2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо "Абитуриент онлайн" https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат. Видеодо онлайн арыз берүүнүн нускамасы чагылдырылган.