Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү санариптик трансформациянын бардык катышуучулары жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерди талкуулабай аткарышы керек дейт. Ал бул тууралуу министрлердин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлары үчүн "Санариптик трансформация доорундагы мамлекеттик башкаруу" тренинг учурунда билдирди. 

Ал учурда өлкө жетекчилиги санариптик мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Ошондуктан баарын талкуулап, айыптабай, көрсөтмөлөрдү аткарууга чакырам. Аткарууну каалабасаңыздар жумушуңуздарды таштап, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигиңизди койсоңуздар болот", - деди ал.