Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан “Жеңиш” чокусуна чыгып, дайынсыз болгон Орусиянын жана Литва өлкөлөрүнүн жарандарын издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, аларды издөө үчүн үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21 куткаруучудан турган 3 издеп-куткаруу тобу чыккан. Ошондой эле аймактын климаттык шарттарын эске алып, куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн КРнын Коргоо министрлигинин «МИ-8МТВ” тик учагы кошо тартылган.

Абанын температурасы -20 -30 градуска жеткен 4100 метр бийиктикке жеткен ӨКМдин куткаруучулары “Түштүк Эңилчек” базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көнүктүргөн соң, альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан.

Куткаруучулар альпинизм боюнча тажрыйбалуу адис Греков менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарды издешкен. Тилекке каршы, издеп-куткаруу иштери, 2 жолку визуалдык учуу да өз натыйжасын берген эмес.

Ал эми чет өлкөлүк альпинисттер “Жеңиш” чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлаганы, алардын бириндеги спутник байланышынын (GPS трекери) координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган.

Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эместиги билинген. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү ӨКМ куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган.

Альпинисттерди издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшады.

Эске салсак, Жеңиш чокусунда дайынсыз кеткендер - үч россиялык жана бир литвалыктан турган төрт альпинист. Алар 19-июлда акыркы жолу 6900 метр бийиктиктен байланышка чыгышкан. Андан бир нече күн өткөндөн кийин, 24-июлда спутник аркылуу жардам сурашкан.