Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустардын арасына EG.5 түрүнү кошту жана аны «Эрис» деп атады. Бул омикрондун кичине түрү болуп, дүйнөдө өтө тез жайылып жатканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялады.
Андагы маалыматта айтылгандай, вирустун бул түрү алгач ушул жылдын февралында аныкталган. Соңку мезгилде «Эрис» вирусун аныктоонун жыштыгы 6,2 пайыздан 11,6 пайызга өскөн.
Жаңы вирустун таркалуу ылдамдыгы «Кракен» жана «Арктур» варианттарынан бир топ даражада жогору экени айтылууда. «Эрис» вирусу учурда 51 өлкөдө аныкталган.
Ал эми оору белгилери мурунку вирустар менен дээрлик окшош. Жөтөл, тумоо, дене табы көтөрүлүү, тамактын оорушу жана көкүрөк туштун кысылышы сыяктуу белгилери бар. Иммунитети начар адамдардын организми бул вирусту оор кабыл алып, бир катар өтүшүп кеткен дарттарды кошо козгошу мүмкүн.