Бишкек, “Саясат.kg”. Катталган диний уюмдар диний экстремизмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Мындай пикирин депутат Жылдыз Жолдошева "Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамына карата өзгөртүүлөр жана толуктоолорду талкуулаган комитет жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзам долбоорунда диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басма сөз басылмаларынын, кино-фото-аудио-видеопродукцияларын жана башка материалдардын алынып келишин, даярдалышын, сакталышын жана таркатылышын болтурбоо максатында көзөмөлдү Кыргызстан мусулман дин башкармасы жана Орус православие чиркөөсүнүн Бишкек жана Орто Азия эпархиялык башкармасы, улутттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде УКМК жана ИИМ алышы керектиги айтылган.
Долбоор 2-окуудан кабыл алынды