Бишкек, “Саясат.kg”. Ректорлорду шайлоодо да атайын 7 кишиден турган билим берүү кеңеши түзүлүшү керек. Мындай пикирин депутат Курмантай Абдиев “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына карата өзгөртүүлөр жана толуктоолорду талкуулаган комитет жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
К.Абдиевдин ою боюнча, анын курамына Билим берүү жана илим министрлигинен-1, Өкмөттөн-1, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинен -1, кесиптик кошуундардан-1, өкмөттүк эмес уюмдардан-1, Билим берүү академиясынан-1 жана ошол шайлоо өтө турган жогорку окуу жайларынан-1 өкүл сунушталат.
"Мындай ар кыл структурадан тандалган кеңеш аркылуу коррупциялык элементтерге бөгөт коюлат",- дейт депутат Курмантай Абдиев.
Ал эми бул маселени талдоодон өткөргөн парламенттин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин бул жолку жыйынында ача пикирлер жаралып, Билим берүү кеңешин түзүүнүн муктаждыгы жок деген ойлор айтылды.