Ташкентте сегиз жаштагы кызга тийишип, күч колдонуу менен аны өпкөн 63 жаштагы киши кармалды.
Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кармалган адам 8-август күнү кечке маал борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде сегиз жаштагы кызга карата адепсиз иштерди жасаган.
Тартип сакчылардын айтымында, жабыркаган кыздын ата-энеси бул жагдай боюнча ички иштер органдарына арыз менен кайрылган эмес. Бул учурду камерага тартып алган күбөлөрдүн бири видеону соцтармактарга чыгаргандан кийин кызга зордук-зомбулук көрсөткөн адам кармалган.
Бул боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "16 жашка чейинкилерге жасалган адепсиз аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.