Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 20-декабрда Россиянын Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде Алай канышасы, мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын 200 жылдык маарекесине арналган «Курманжан Датканын азыркы кыргыз-орус мамилелеринин калыптанышындагы орду» темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 
Иш-чаранын жүрүшүндө КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер Аскар Какеев Курманжан Датканын кыргыз-орус мамилелеринин түзүлүшүндөгү ролу жөнүндө баяндама жасады. Ал эми КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү О.Мамаева Курманжан Датканын Финляндиянын болочок президенти барон Карл Густав Эмил Маннергейм менен жолугушуусунун мааниси тууралуу өз пикирин ортого салды.
 
Ошондой эле, иш-чаранын катышуучуларына Курманжан Датканын өмүр жолуна арналган көркөм фильм тартууланып, тарыхый фотосүрөттөр көргөзүлдү.