Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 5-августта УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушкан. 

Такталгандай, Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу  КР жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.