Кыргызстанда сентябрда эки жаңы ишкана - "Кыргыз бетон курулуш" жана "Кыргыз топчу" ачылаарын Министрлер Кабинети билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бүгүн «Кыргызиндустрия» ААКтын өндүрүш ишканаларын кыдырды.

Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен келет.

Министрлер кабинетинин башчысы жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну тапшырып, бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жооп бериши керектигин белгиледи.

Маалымат үчүн: "Кыргыз бетон курулуш" ишканасына үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италиядан келген адистер жүргүзгөн. Завод ишке киргенден тартып жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлөт.