Жакында 9 жаштагы уулун аеосуз сабаган эненин видеосу интернет желесине тараган. Окуя Москва шаарында болгону, эне Кыргызстандын жараны экени айтылган. Бул боюнча КР Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. 

Андагы айтылгандарга таянсак, окуя боюнча Россиянын компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы туулган М.А. аттуу бала Москва шаарындагы социалдык реабилитацияга муктаж жашы жете электердин адистештирилген мекемесине жайгаштырылды. Баланын апасына карата Москванын укук коргоо органдары тарабынан административдик укук бузуу фактысы боюнча камакка алуу тууралуу протокол түзүлдү.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте баланын мындан аркы жашоосу, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланышуу боюнча иш алып барууда.