№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 21 болгонун БШКдан билдиришти.
Андагы маалыматка таянсак, мөөнөтүнөн мурда шайлоого өзүн талапкер көрсөткөндөр төмөнкүлөр:
Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы.
Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы.
Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери.
Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер.
Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты.
Куттубек Асылбеков - пенсионер.
Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог.
Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер.
Токтогул Какчекеев - пенсионер.
Жаныбек Абиров - ЖКнын экс-депутаты, "Строй Ленд" компаниясынын директору.
Русланбек Тагаев - убактылуу эч жерде иштебейт.
Бакыт Шаршембиев - "Медутиль" ЖЧКсынын башкы директору.
Нургүл Сооронбаева - дарыгер-педиатр.
Мурат Эсенаманов - убактылуу эч жерде иштебейт.
Ыргал Кадыралиева - убактылуу эч жерде иштебейт.
Ханзада Осмоналиева - Коргоо министрлигинде аскер кызматкери.
Жамалбек Ырсалиев - "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору.
Аттокур уулу Илимбек - убактылуу эч жерде иштебейт.
Таалайбек Кермалиев - "Арпа-Бишкек" компаниясынын коммерциялык директору.
Кубанычбек Самаков - "Биопром" компаниясынын башкы директору.
Чыңгыз Капаров - убактылуу иштебейт.
Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.