Кыргызстанда кээ бир министрлик менен ведомстволордун кыскарышы кошумча чыгашаларга алып келет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мыйзамдуулук боюнча аялдардын альянсынын координатору Зульфия Көчөрбаева билдирди.
“Кээ бир министрликтерди кыскартуу менен бюджеттик каражаттарды үнөмдөйбүз деп жаткан чиновниктер популизм менен алек болушууда. Өкмөттүн жаңы түзүмү кабыл алынса канча деген кызматкер ишсиз калат. Көп жылдардан бери иштеп келген тажырыйбалуу кадрлардан кол үзөбүс”, - деди ал.
З.Көчөрбаева жумушсуздардын санын көбөйтүү менен бюджеттик каражатты үнөмдөйбүз деген аткаминерлердин иш аракети туура эмес экендигин айтты.Ал мындай абал социалдык кризиске алып келиши мүмкүн экендигин белгилөөдө.
Кабар