Кыргыз өкмөтү элдин кызыкчылыгында иш алып барышы керек. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандагы кризистик борборлордун ассоциациясынын төрагасы Александра Елиференко билдирди.

 

“Өкмөттүн жаңы түзүмүндө социалдык блокко жооп бере турган министрлик жокко эсе. Кыргызстан социалдык багытта саясат алып барган өлкөлөрдүн бири экендигин айтып келет. Бирок иш жүзүндө ал андай эмес”, - деди ал.
 
А.Елеференко Өмүрбек Бабанов өз программасында социалдык көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын эске салды. 
 
“Өмүрбек мырза өз программасында биздеги аялдардын зордук-зомбулукка кабылып жатышын, балдардын, кары-картаңдардын көйгөйүн көтөрүп кетти. Эгерде өкмөттүк деңгээлде аны чече турган бир да минстрлик жок болсо, анын программасы куру эле сөз болуп калууда. Социалдык блоктон баш тартып, бюджеттик каражатты үнөмдөйбүз деп жатышы акылга сыйбай турган нерсе”, - дейт А.Елиференко. 
 
Кабар