№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 17 болду.

БШКнын маалыматына караганда, мөөнөтүнөн мурда шайлоого өзүн талапкер көрсөткөндөр:

Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы
Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы
Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер
Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты
Куттубек Асылбеков - пенсионер
Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог
Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер
Токтогул Какчекеев - пенсионер
Жаныбек Абиров - ЖКнын экс-депутаты, "Строй Ленд" компаниясынын директору
Русланбек Тагаев - убактылуу эч жерде иштебейт
Бакыт Шаршембиев - "Медутиль" ЖЧКсынын башкы директору
Нургүл Сооронбаева - дарыгер-педиатр
Мурат Эсенаманов - убактылуу эч жерде иштебейт
Ыргал Кадыралиева - убактылуу эч жерде иштебейт
Ханзада Осмоналиева - Коргоо министрлигинде аскер кызматкери
Жамалбек Ырсалиев - "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.