Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) "Чекит медиа" жана анын журналисти Асел Сооронбаеванын фейк-фабрика тууралуу кезектеги иликтөөсүнө жооп берди. Мекеменин билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

УТРК аталган программада айтылгандай эле WhatsApp мессенжеринде телеканалдын атайын "УТРКны таанытуу" деген тайпасы бар экенин ырастайт. Ошол эле маалда медиа ал бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу максатында түзүлгөнүн билдирди.

"Аты айтып тургандай эле, бул тайпа Улуттук телерадиоберүү корпорациясын таанытуу жана даярдалган материалдарды жайылтуу, таратуу максатында түзүлгөн. "Комментарий жазгыла, бөлүшкүлө" деген буйрутмалар УТРКда даярдалган продукцияларга карата гана айтылат. "Чекит медиа" жана Асель Сооронбаева өзү билип, тыянак чыгаруудан мурда бизге байланышып, тактап алса туура боло турганын билдиребиз. Бул тайпага УТРКда эмгектенген кызматкерлер кошулган. Бүгүнкү замандын талабын, социалдык медианын күчүн эске алуу менен УТРК өзү даярдаган материалдарын, жасалып жаткан жаңыланууларды, эл аралык ишмердүүлүгүн ушундай ыкма менен таратууну колго алган. Асель Сооронбаеванын "WhatsApp тайпа бийликтин оппоненттерин каралоо максатында иштейт" дегени чындыкка коошпойт", – деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Мунун алдында "Чекит медиа" платформасы фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы программанын экинчи чыгарылышында да социалдык тармактарда фейк аккаунттар бийликти мактап, ага каршыларды каралап жатканын, бул үчүн "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин, Улуттук телерадио корпорациясынын жана ар кайсы министрликтин кызматкерлери да тартылып жатканын баяндалган. Аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү программанын ичинде муну төгүнгө чыгарышкан.