Дмитриевка - Кант станциясынын участкасында Балыкчы - Бишкек каттамындагы поезддин VIP, "Люкс" вагондорунун жана жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелерин белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкенин "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, 1-августта саат 21:18де Балыкчы-Бишкек каттамындагы №609-поезддин терезесин белгисиз адамдар катуу нерсе менен урушкан. Мындан улам терезелер сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган.
Поезддин кызматкерлери окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен чапташып, поезд сапарын уланткан.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүндүгүн билдирет.
"Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз", - дейт ишкана.