- Акылбек Жапаровдун мугалимдер өздөрү сабак берген предметтен экзамен берсин дегени колдоого татыйбы?

- Бүгүнкү күндө мектеп мугалимдер ансыз да жетишпейт. Тагыраагы, предметтик сабактарды берген мугалимдерден экзамен алып, талапка жооп бербесе кетиребиз дегенибиз азырынча эртерээк. Себеби ал ыкма менен иш кылсак,  мектептердеги мугалимдердин 40 пайызы жумушсуз калышы мүмкүн. Мугалимдердин билимин жогорулатуунун башка жолдору бар. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте беш жылда бир квалификацияны жогорулатууну колго алыш керек. Мугалимдердин билимин ушул жол менен көтөрсөк да  болот.