УКМК тарабынан этностор аралык чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо жана бөгөт коюу, улуттар аралык мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп келет. Анын негизинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын көмүскө тобу азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, ошол мыйзамсыз аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Алар билдирүүлөрүндө фашисттик символдорду колдонушкан.
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган топтун үч мүчөсү - Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары - С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р.аттуу жарандар аныкталып, кармалган.
Кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин билдирген буюм далилдери алынган.
Алар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда көмүскө улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аталган адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар КР УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар.